Циклотрон – заряддалган оор бөлүкчөлөрдү (протондорду, иондорду) ылдамдатуучу циклдик резонанстык ылдамдаткыч.

Циклотрондо башкаруучу магнит талаасы да, ылдамдатуучу электр талаасынын жыштыгы да, убакыттын өтүшү менен өзгөрбөй, турактуу болот. Циклотронду амер. физик Э.Лоуренс 1930-ж. ойлоп тапкан. Консерва банкасынын жарымындай (аны дуанта дешет) түспөлдөгү, вакуумда жайланышкан, электроддордун арасына бөлүкчөлөр учуп киргенде электр талаасынын таасиринин натыйжасында ылдамдатылып, жандырылган спираль түрүндөгү траектория боюнча кыймылдашат. Ц-до протондор 10–20 МэВко чейин ылдамдатылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү