Цинкография (цинк жана ...графия) - клише даярдоонун фотомеханикалык процесси.

Алгачкы жолу Цинкографияны 1850-ж. Ф. Жилло (Франция) сунуш кылган. Ал цинк пластинкасына кол менен к-тага туруштук берүүчү сүрөт түшүрүп, бош калган элементтерди азот к-тасы менен жедирүү ыкмасын иштеп чыккан. 1862-ж. Г. Жеймс (Улуу Британия) сүрөттү кол менен түшүрүүнү жарык сезгич катмар капталган цинк пластинкасына негативден фотокөчурүү менен алмаштырган.

Бул ыкма фотоцинкография деп аталат. Жилло менен Жеймстин ыкмалары штрихтүү бир түстүү сүрөт түшүрүү үчүн гана колдонулат. 19-кылымдын 80-жылдарынын башында бир эле мезгилде Россия менен Германияда Цинкография үчүн растр сунуш кылынып, тондуу оригиналдардан клише даярдоого мүмкүндүк түзүлгөн. Цинкографиянын жардамы менен аралаш басма формалары да (иллюстрация-тексттүү) алынат. Түстүү оригиналдын сүрөтүн түшүрүүдө адатта 4 түстөгү клише даярдалып, анын ар бири бир боёктун гана сары, кара кочкул (күрөн кызыл), көк жана кара (же боз) түсүн берет. Бул боёктор менен биринин артынан бирин басканда көп түстүү сүрөт алынат. Фотополимердик басма формаларын даярдоо процессин да Цинкографиянын ыкмаларына кошууга болот. Клише даярдоого адистештирилген ишкана же цех да Цинкография деп аталат. Цинкография азыр картографияда гана колдонулат. цинктөө, цинк жалатуу - коррозиядан сактоо үчүн металл буюмдун бетине цинк катмарын же анын куймасын жабуу же каныктыруу. Мех. таасир этилбеген, тегиз же көп эмес ийилген беттерге колдонулат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4