Цирк (лат. circus - айлана) –

1) искусствонун бир түрү;

2) цирк оюндары көрсөтүлүүчү аренасы (манежи) бар имарат. Өнөр катары эмгек процессинин, элдик оюн-зооктун, спорт жана чабандестик мелдештин негизинде калыптанган.

Цирк искусствосу татаал дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо, ошондой эле кээде күлкүлүү ыкмаларды колдонууга негизделген. Башкы көркөм каражаты - кыймыл-аракет. Аны актёрдук чеберчиликке айкалыштырганда оюн (номер) пайда болот. Цирк. куралат. Ар бир көрсөтүү өзгөчө оюн менен айырмаланат: мис., артисттер зымда басат, бийлейт же үйрөтүлгөн жылкылар бийлейт ж. б. Цирк артисти өзгөчө жанры менен образ түзүп, ага кийимкечеси, музыка, жарык, атайын аппаратура, оюндун уюшулушу көмөк берет. Цирктин кээ бир элементтери эзелтен эле белгилүү. Анда азыркы акробатиканын айрым башталмалары болгон. Байыркы Египет, Греция, Рим, Византияда акробат, жонглёр, дрессировщик жана куудулдардын оюндары көрсөтүлгөн. 12-кылымда Европада чабандестер мектеби түзүлгөн. 1772-ж. англ. Ф. Астлей Лондондо чабандестер мектебин негиздеп, 1780-ж. Астлей амфитеатрын курган. Анда, өнөрпоздорду катыштырып, оюн көрсөтүлгөн. Ал азыркы туруктуу Цирктин баштоочуларынан болгон. 18-кылымдан Россияга ар кайсы өлкөдөн көчмө Ц. келе баштап, айрымдары Москва, Петербург шаарында амфитеатр ачышкан. 1877-ж. Г. Чинизелли Петербургда, 1880-ж. А. Саламонский Москвада, 1886 жана 1911-жылдары үч бир тууган Никитиндер Москвада, 1903-ж. П. С. Крутиков Киевде Ц. ачкан. Орус Ц-инде полицейлердин катуу көзөмөлунө карабай, клоунада айрыкча абройго ээ болгон. И. М. Заикин, И. В. Лебедев, И. М. Поддубный сыяктуу атлет, балбандардын дүйнөгө аты чыккан. Советтик көп улуттуу Цирк искусствосу эскиден калган мыкты мурастарды өздөштүрүп, жаңы мектептерди түзгөн. Циркти бирдиктүү мамлекеттик башкарма жетекчиликке алган. 1926-ж. Цирк искусствосунун мектеби ачылып, адис артисттерди даярдай баштаган. Л. Дуров, В. В. Лазаренко, Ю. В. Никулин, O. К. Попов ж. б. у. с. дүйнөгө таанымал артисттер өсүп чыккан. Кыргыз элинин улуттук оюндарында (аламан байге, эр сайыш, тыйын эңмей, оодарыш, селкинчек ж. б.) Ц. өнөрүяүн айрым элементтери эзелтен эле болгон. Кыргыз труппасы 1962-ж. уюшулуп (жетекчиси С. Жаныбеков), ага таланттуу уланкыздар тандалып алынган.

Алгачкы оюн 1963-ж. 20-октябрда коюлган. 1967-ж. «Гүлдөй бер, Кыргызстаным» аттуу жаңы коллектив түзүлүп (реж. Н. Цертелев), анын репертуарына: «Шумкар» (жетекчиси М. Кочаков), «Ат үстүндөгү жонглёр», «Казанчы» жана акробаттар, гимнасттар кирген. 1969-ж. эки коллектив биригип «Жаш Кыргызстан» деген ат менен өлкөбүздүн ири шаарларында жана Финляндияда гастролдо болгон. 1976-ж. Фрунзеде 2000 орундуу Цирк имараты курулган. Труппада (1979) Кыргыз ССР эл артисти Э. Мамытбеков, Кыргыз ССРинин эмгеги сиңирген артисти С. Урмамбетов, Д. Чокубаева, Ф. М. Мукушева, А. Жумалиев, А. Абылкасымов, К. Арботоев, А. Бирюков, М. Төлөбаева, А. Хасанова ж. б. эмгектенген. Реж. коюучусу Т. Жолдошбеков болгон, к. Кыргыз цирки.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4