Ци же ЮанциКытай натурфилософиясынын негизги түшүнүгү. Алгачкы мааниси – «аба», «буу», «дем». Өтө кеңири мазмуну – алгачкы материя, жаратылыштын негизги материясы, «жашоонун күчү» ж. б. Конфуций окуусунда жана неоконфуций» окуусунун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Чжу-Синин эмгектеринде дүйнө – Ци же Юанциден жаралат. Ци же Юанцинин жеңил жана таза бөлүгү өйдө көтөрүлүп, асманды жаратат. Биринчиси – янци, экинчиси – инци деп аталат. Булардан тышкары дагы беш Ци же Юанци бар же болбосо беш алгачкы элементтер – «жаратылыштын стихиялары» бар: суу, от, дарак, темир, жер. Ин жана яндын же беш «стихиянын» гүлдөшү жана өлүмү жылдын төрт мезгилинин алмашышы менен жүрөт. Ци же Юанци түшүнүгү Конфуций, даосизм жана легизм окууларында кеңири колдонулат.

Колдонулган адабият түзөтүү

Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: А. Акунов Ред. кеңеш: Б. Солтонбеков (төрага), А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов, ж.б