Чаак тооФергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы.

Сарыбель ж-а Аксуу (Нарындын сол куймалары) сууларынын аралыгында дого сымал созулуп жатат.Уз. 24 км, туурасы 6–7 км. Орт. Бийикт. 2500–2600 м, эң бийик жери 3000 м ге чейин. Тоонун кыры негизинен тайпак, анда-санда тик чокулар кездешет; капталдары жантайыңкы, айрым жерлери жардуу, айрыкча тоонун Нарын д-на түшкөн батыш тумшугу тик ж-а жалама. Тоо соңку карбондун кумдук, алевролит, сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн. Жарым чөл ж-а кургак талаа (1800 м бийиктикке чейин), талаа ж-а бадал-шалбаалуу талаа ландшафттарынан турат. Чарбада жайыт, чөп чабынды.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2