Чаар-Арча - Бешконуш тоосу

Чаар-Арча - Бешконуш тоосуАлай кырка тоосунун түн. тармагы.

Кырккечүү ж-а Талдык сууларынын аралыгында дого сымал меридиан багытында созулуп жатат. Уз. 28–29 км, туурасы 5–6 км. Орт. Бийикт. 2700–2900 м, эң бийик жери 3123 м. Кыры аска-зоокалуу, чыгыш ж-а батыш капталдары тик, түн. бети жантайыңкы. Акиташ теги, кремнийлүү сланец, кумдук ж-а алевролит тектеринен турат. Талаа (1800–1900 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа (1900–2400 м), шалбаалуу токой (2400– 2900 м), субальп шалбаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2