Чабай сымап кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, Кызыл-Кыя шаарынан түштүк-чыгышта, Алай кырка тоосунун түндүк этегинде, Чабай суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1300–3000 м бийиктикте. Кен жергиликтүү элге илгертен белгилүү (10–13-к-дагы кен казындылары табылган). 1914-ж. кен катары ачылып, 1930–91-ж. мезгил-мезгили менен геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Мында 15 участка бар. Кен аймагын силурдун терриген чөкмө тектери, девон менен карбондун доломит, акиташ тоотек катмарлары, неоген-антропогендин борпоң чөкмөлөрү түзөт. Бул тектер бүктөлүүгө дуушарланып, батыштан чыгышты карай созулган антиклиналь структурасын пайда кылган. Анын түштүк канаты тектоникалык жарака менен тилмеленген. Участкалар бири бирине удаа жайгашып, кендик багытында тектоникалык зонаны бойлой 8 кмге созулат. Руда тулкулары кабат, линза, тарам жана уя сымал болуп, кремнийлүү, карбонат-кремнийлүү жана акиташтеги–кальциттүү брекчиялардан турат. Алардын калыңдыгы 0,5–12 м, узундугу 60–120 м. Руда минералдары брекчиянын цементине топтолгон. Алардын негизгилери: киноварь, антимонит, реалгар, аурипигмент, халькопирит, малахит, азурит ж. б. Кен 1942-жылдан казылып алынууда. Сымаптын орточо өлчөмү 0,279%. Руданын С1+С2 категориясы боюнча запасы 313 миң т, сымаптыкы 875 т. Сурьманын орточо өлчөмү 0,69%, запасы жана ресурсу 73136 т.

Колдонулган адабияттар түзөтүү