Чабалекей
Шарты
түзөтүүОюнчулардын саны 8—12 киши.
Оюн аянтчада, көк шиберде, спорттук бөлмөдө, сахнада өткөрүлөт.
Оюнга даярдануу
түзөтүүАдегенде, оюнга «чабалекей» тандашат, ал диаметри 2 м. келген тегеректин ортосуна малдаш куруп отурат. Андан кийин «корукчу» шайлашып оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
түзөтүү«Корукчу» тегерекке кирбей жөрмөлөп же чочоюп жүрүп «чабалекейди» коруйт. «Корукчу» чабуул жасаган оюнчулардын бирөөсүн кармап алса, алар ролдору менен алмашышкандан кийин, оюн кайрадан башталат. Каалаган убакытка чейин уланат. «Корукчуларга кармалбаган оюнчу жеңүүчү болот.
Оюндун эрежеси
түзөтүү«Чабалекейди» катуу урууга, тебүүгө, чымчууга, оюнчуларды тегеректин сыртында кармоого, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.
Педагогикалык мааниси. Күч, ылдамдык, шамдагайлык, чыдамкайлык тарбияланат.