Чайыр чөп же чаар куурай (Ферула), (лат. Ferula communis, L. 1753) - чатыр гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык чөп өсүмдүк.

Чайыр чөп же чаар куурай.

Тоолуу аймактардын күнгөйлөрүндө өсөт. Бийиктиги 1-2 м. Жалбырагы тарамдуу, тамыр сабакка тегерете жайгашат. Сары гүлү татаал чатырча топ гүлдү түзөт. Кыргызстанда 13 түрү өсөт.

Айрым түрлөрүнүн (сасык чайыр чөп) курамында чайыр, эфир майы бар. Дарылык ка тамыры, даны колдонулат. Тамыры сүттөп турган мезгилде май, июнда казылып алынат. Даны август, сентябрда чогултулат.

Даарылык касиети: Тери үстүнө кан уюганда, тарамыш созулганда (чоюлуп калса) жана тамакка табити тартпаган кезде спиртке ачытылган тунма колдонулат. Ошондой эле З0дан ашык ооруга пайдаланса болот. Дарынын даярдалышы: Бир литр сууга 20 г кургатылган чөбү кошулуп, 3-5 мүнөт кайнатылат. Ал 200 мл-ден үч маал ичилет.

Алкаголдуулугу 70% болгон 700 г спиртке 300 г майдаланган күкүмү кошулуп бир канча күн коюлат. Создугуп, урунган мүчөгө компресс жасалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9