Чакмак, топ таш, беш таш – өспүрүмдөр оюну. Көбүнчө кыздар тегиз жерде чымчык жумурткасындай таштар (саны ар түрдүү) менен эки киши же жаат болуп ойношкон. Оюндун тартиби: белгилүү сандагы (мис., 15–30) майда таштар бир колдун алаканына салынып, чогуу бир аз өйдө ыргытылат да, бириктирилген манжалардын сыртына тосулат, тосулган таштарды этияттык менен чогуу жогору серпип, кайра бардыгын алаканга тосуп алыш керек; эгер бардыгын тосо албай кала турган болсо, анда жыдыйт (оюн улантуу укугунан ажырайт); тоссо, оюнду уланта берет. Таштардын баарын кол сыртына тосуу мүмкүн эмес; кандайдыр бир бөлүгү жерге түшөт. Колдун сыртына түшпөй, жерге түшкөн таштардын бирин (кээде 2 же 3) жерден бийиктиги 40–50 см жогору ыргытып, ал ылдый келгенче жерден бир ташты алып, ыргыткан ташты тосуп алууга үлгүрүүгө тийиш; ушундай ыкма менен жердеги бардык таштарды алып бүткөндөн кийин оюнчу бир ташты өз эсебине бөлүп коёт. Жогоруда көрсөтүлгөн жол менен оюн улантыла берет. Эгер оюндун жүрүшүндө ыргыткан ташты тосо албай же жердеги таштарды алып жатканда башка таштарга колу тийип калса оюнчу жыдып, оюн кезегин экинчи тарап алат. Кайсы жааттын өзүнө бөлүп алган ташы көп болсо, ошол утат. Утулган жаат алдын ала макулдашуу боюнча жаза тартат. Мис., шап алуу, чекеге чертүү жана башка чакмактын ойнолуш ыгына жана таштардын санына жараша топ таш же беш таш деп бөлүнөт. Чакмак шамдагайлыкка, кылдаттыкка машыктырат.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.