Чакчы "Манас" эпосунун Радлов жазып алган вариантта чагылдырылган социалдык термин. Эпос боюнча адамдардын жоокердик эрдигин жана жылкынын күлүктүк сапатын аныктай турган сынчы адам:

Күнү-түнү үч ай он жети күн болгуча,

Ат чубатып келди дейт.

Чакчы чактап келди дейт,

Сынчы сынап келди дейт (Радлов жазып алган вариант, 159).

Бул жерде Ч-нын милдети сынчы менен бирдей. Бирок, экөөндө аз да болсо айырма бар. Сынчынын аткарган милдети кеңири. Ал ит-куш, ат жана башкалар жаныбарлардан баштап, кыздарга чейин жана аскердик согуш тактикасын түзүүгө катышкан, тактап айтканда өзү сындап, өзү түзүп, уюштурган. Ал эми Ч-нын милдети жоокерлерди жана аттарды сыноо менен чектелген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4