Чакчыл - натыйжаны билдирген негизги этишти айкындап, кошумча же жардамчы кыймыл-аракетти көрсөтүүчү этиштин өзгөчө формасы.

Кыргыз тилинде чакчылды -ып (жаз+ып, оку+уп), -а(й) (бар+а, кел+е, оро+й, көнбө+й), -ганы (оку+ганы, жең+гени), -ганча, -гыча (бар+ганча, кел+гиче), -майынча (бар+ма-йынча, көр+мөйүнчө) мүчөлөрү уюштурат.

Уңгудагы үндүү жана үнсүзгө карай бул мүчөлөр да өзгөрүп турат. Чакчылдар чакты, жакты көрсөтпөйт, сүйлөмдө дайыма быштыктоочтук милдет аткарып, багыныңкы сүйлөмдө баяндооч боло алат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9