Чалдыбар, шаар чалдыбары – байыркы бекемделген турак-жайдын жана шаардын калдыгы. Чалдыбар тегерек, үч бурч, тегерек же тик бурчтуу аянтча түрүндө болуп, табигый же атайын аң, чыңдалган дубалдар менен курчалган. Чыңдалган дубалдар сырттан келген душмандардан үй мүлкүн сактап, алардан коргонуу максатында тургузулган. Кыргызстандын аймагында Койсары (6–15-кылым), Күрмөнтү (8–12-кылым), Кегети (8–12-кылым), Кошойкоргон (10–12-кылым), Кемин (10–12-кылым), Казарман (11–12-кылым) жана башка шаар чалдыбарларылары бар. Шаар алдыбарларын казганда турак-жай, түрдүү буюмдар турчу жана душмандан жашынуучу жайлар табылган. Орто кылымдардагы шаар чалдыбарларына чыңдалган турак-жайлар, сепилдер жана башка кирет.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.