Чалкуйрук

Төштүктүн аргымагы

Чалкуйрук"Манас" эпосунда Төштүктүн жоого минген аты. Эпостун негизги варианттарында кездешет. Көкөтөйдүн ашында байгеге чабылып Аккуладан кийин "Жети жандуу Чалкуйрук.

Жел учкандай бурулуп" (Сагымбай Орозбаков, 3. 265) келип байгеге татыктуу болот. Жалпы түрк жана Сибирь элдеринин эпикалык көөнө чыгармаларында кездеше турган мифтик, сыйкырдуу (магиялык) касиеттерге ээ болгон тулпарлардын бири. Анын жер алдындагы кыйынчылыктарды жеңип чыгууда жин-пери, дөө, алп балбандардын түрдүү айла-амалдарынын ыгын табууда Төштүккө жардам берген, адамдан эстүү жаныбар экендиги жана башкалар касиеттери "Төштүк" эпосунда кенен ачылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4