Чалкуйрук бор кени Ош облусунун Ноокат районунда, Ош шаарынан 70 км түштүк-батышта, деңиз деңгээлинен 2400–3000 м бийиктикте. 1948-ж. жана 1960-ж. изилденген. Бор рудасы негизинен аксинит кээде данбурит, датолит жана ашарит минералдары менен байланышып, пироксен, пироксенгранат скарндарында топтолгон. Кээ бир участкаларда аксиниттин топтолуу өлчөмү 50%ке жетет. Турмалин минералы тарамдалып жаракалар менен байланышкан. Аксинит рудаларында бордун үч кычкылынын өлчөмү 0,01–2,46%, турмалиндики – 0,5–6,– 7%. Бор рудасынын болжол ресурсу 1,5 млн м3.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү