Чалкуйрук өрөөнү - Кичи Алай кырка тоосунун чыгышында, Акбуура суусунун алабында жайгашкан. Актөркоргон жана Сарыкой тоолорунун аралыгында. Бир нече майда өрөөндөрдөн (Чалкуйрук, Жол-чырак, Каракол, Кашкасуу, Сарыгой жана Калтабоз) турат. Узундугу 40 кмден ашык, туурасы 1–3 км, айрым жерлерде 5–6 км. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2600 м. Төмөнкү бөлүгү кууш капчыгайлуу келип, тик аскалуу беттер, бийик жарлар, корумдар мүнөздүү. Ортоңку бөлүгүндө байыркы мореналар, жер көчкүлөр, тепши сымал түздүктөр, быткылдар кездешет. Жогорку бөлүгүндө байыркы жана азыркы мореналар, талкаланып тегизделген тоо кырлары, кум-шагылдуу жалпак беттер басымдуу. Сууларынын төмөнкү бөлүгүндө шаркыратмалар, бөгөттөр кездешет. Кышы суук, ызгаардуу, жайы салкын. Январдын орточо температурасы —10...—15°С, июлдуку 15—16°С, жылдык жаан-чачыны 450— 500 ммге чейин. Негизги суулары: Сарыгой, Калтабоз, Жолчырак, Каш-касуу, Чалкуйрук. Тоо-күрөң жана каратопурактуу. Талаа, токойлуу талаа, токойлуу шалбаа ландшафттары басымдуу.

Колдонулган адабият түзөтүү