Чалова Калича Жоочалыш кызы

Чалова Калича Жоочалыш кызы - КМУУнун бухгалтердик эсеп, аудит жана анализ кафедрасынын башчысы жана профессору. «Бухгалтердик эсептин теориясы», «Жалпы тармактардын бухгалтердик эсеби», «Мамлекеттик эмес түзүлүштөрдөгү бухгалтердик эсеп» ж. б. сабактардан кыргыз, орус тилдеринде даре окуйт.
Ал 1961-жылы Бишкек финансы-экономикалык техникумун, 1967-жылы КМУнун экономикалык факультетин бүтүргөн. Бир нече жыл өндүрүштүн ар кандай тармактарында бухгалтер, башкы бухгалтер болуп эмгектенген. 1971-жылы бухгалтердик эсеп адистиги боюнча кыргыздар арасында биринчилерден болуп кандидаттык диссертациясын жактаган.
Анын «Бухгалтердик эсеп боюнча кыскача сездүк», «Бухгалтердик эсеп бардыгы үчүн», «Бухгалтердик эсеп — сөздүк маалымдама» китептери жана бир катар методикалык колдонмолору, көптөгөн илимий макалалары жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү