Чапан — Сырт кийимдин бир түрү. Чапандын жердиги башайы, сатин, нооту, бөз, мата, трайке өңдүүлөрдөн тандалат. Жеңи менен бою бир бычылган ага жүн, кебез салып, жука кездемелерден ичтелет. Чапандын ичи-сыртын бирдей шырыйт. Элибизде каптама чапан мүнөздүү болгон. Кийим мында кенен бычылат да, ичи шырылган, сырты капталган. Албетте, чапанды бычып тигүүдө жергиликтүү өзгөчөлүктөр байкалат.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)