Чардактар (лат. Laridae) - куштардын маарак сымалдар түркүмүнүн тукуму.

Creagrus furcatus.

Дене уз. 20 смден 80 смге жетет. Айрымдарынын тумшугу ичке, түз, чандасыныкы жоон, ачык түстө, бир аз ийилген. Канаты узун, суу үстүндө узак убакыт учуп жүрөт. Буттары кыска манжалары сүзгүч жаргакчалуу, сууда жакшы сүзөт, чумкуйт. Жүнү калың, сууланбайт. Түсү көбүнчө ак, боз, кара. Моногамдар. Уясын көбүнчө көл, суу жээгинде, жарга, кээ бири даракка, ийинге салат. 1-4 жумурткасын эркек, ургаачысы кезектешип басып чыгарат. Ч-дын 3 тукумчасы (накта Ч., чабакчылар жана суу жирегичтер), 82 түрү бардык жерде таралган, КМШ өлкөлөрүндө 20, Кыргызстанда 6 түрү кездешет.

Балык, суу омурткасыздары, айрымдары кемирүүчүлөр, курт-кумурскалар менен азыктанат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4