Чарк - ийиктин бир түрү. Жүн, кебез, тыбыт ийрүү же алардан ийрилген жиптерди чыйратуу, түрүү үчүн колдонулган жыгачтан жасалган дөңгөлөк сымал кол станок.

Чарк ушул учурда да кыргыз айылдарында кеңири колдонулат. Негизги бөлүктөрү: тулкусу, дөңгөлөк, таман, чыканак, мүйүздүү чыгырык, тасма, тутка, ок.

Иштеш жолу: кыймыл тулкуга бекитилген огу бар дөңгөлөктөн тасма аркылуу чыгырыкка бекитилет. Дөңгөлөк айланганда мүйүздүү чыгырыктар да айланып, жип ийрилет же чыйратылат.

Чарктын мүйүзчөсүнүн бир жак бетинин эки жагына илгич бекитилет. Ал ийрилген жипти мүйүздөн чыгарбай кармап созгондо тартып турат. Чарк менен жип ийрүү кол ийикке караганда бир топ өндүрүмдүү болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.