Чарльз Бэббидж (англ. Charles Babbage, 26. 12. 1791, Лондон, Англия - 18.10.1871, ошол эле жерде) - англ. математик.

Эсептегич машинаны (азыркы компьютер) биринчи ойлоп табуучу. Санкт-Петербург Императордук ИАяын чет элдик корр-мүчөсү (1832). Функдия теориясы, экономикада эсептөөнү механикалаштыруу боюнча эмгектери жарык көргөн. Табулирлөө (табулирования) үчүн машинаны конст-лап жана курган (1820-22), 1833-ж. заманбап компьютердин (ЭЭМдин) алгачкы түспөлү - универсалдуу санариптик (цифралык) эсептегич машинанын долбоорун иштеп чыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4