Чароит (минерал) - тизмектүү силикаттар классчасындагы минерал; К, Na, Са, Ва жана магнийдин татаал силикаты, курамында суу менен фтор бар.

Массасы була, агрегаты ичке ийне сымал, өңү кызгылт көк, кооз, айрымдары жибектей жылтырайт. Катуулугу 5,5-6, тыгыздыгы 25302580 кг/м3. Гидротерм-метасомат продесстеринен жегичтүү сиениттерде дайда болот. Зергерчиликте колдонулат, кооздук жана коллекция ташы. Кени Чара д-нын (Чита, Иркутск обл.) өрөөнүндө гана бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4