Чарык– бодо малдын (уй, жылкы жана башка) чылгый (ийленбеген) терисинен көктөлүп тигилген, апкытсыз жана такасыз өтө жөнөкөй бут кийим. Анын таманы жогорку бөлүгүнө ичке көк же тарамыш жана башка менен тумшугу жогору кайкалата ийилип көктөлөт. Чарыктын жогорку бөлүгүнө айланта кайыш же жип өткөрүлүп бутка байланат. Чарыкты көбүнчө колунда жок кедей койчу, жылкычылар кийген.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.