Чатаңайыш
Чатаңайыш — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Бараң элинин каны. Бокмурун атасы Көкөтөйдүн ашына чакырткан эпикалык элдин (уруунун) башчыларынын катарында:
Шордун бурчу Арал бар,
Шолордон өтүп ага бар,
Тогуз уруу бараң бар.
Качала атын байласын,
Чатаңайыш каны бар (Сагымбай Орозбаков, 3. 100), — деп эскерилет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4