Чаткал айыл аймагы - Чаткал районундагы администрациялык-аймактык бирдик. Айыл аймагынын борбору-жаңы-Базар айылы.

  • Облустун борбору Жалал-Абад шаарынан 387 км түндүк-батыш, райондун борбору Каныш-Кыя айылынан 27 км түштүк-батыш тарапта.
  • 1961-жылы Ак-Таш, Сары-Булак, Чандалаш айылдык кеңештери бириктирилип Чаткал айылдык кеңеши болуп түзүлгөн.
  • 1996-жылдан Чаткал айыл өкмөтү,
  • 2012-жылдан азыркыдай аталат.
  • Төрагалары - Мейман Байматов (1957-72), Сатымкул Оморов (1972-75), Б.Ашыркулова (1975-80), О.Чоңатаев (198083), К.Эшалиев (1983-85), А.Чыныбекова (1985-90), К.Султанбеков (1990-94), Т.Тынышов (1994-98), А.Таласбай уулу (1998-2009), Э.Жолдошбаев (2009-13),
  • 2013-жылдан Н.Мырзаяров жетектейт.
  • Калкы 5368 (2015); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенишет.
  • Жалпы жер аянты 173343 миң га, а.и.сугат жери 1035 га, кайрагы 1083 га, чабындысы 845 га, жайыты 95560 миң га.
  • Айыл аймагында 2 кичи ишкана,
  • 2 акционердик коом уюшулган, 3 орто жана 1 башталгыч мектеп, оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, Беш-Арал мамлекеттик коругунун конторасы,
  • 2 мейманкана, 3 фельдшер-акушердик пункт,
  • 2 клуб, 3 китепкана бар.
  • Карамагына Жаңы-Базар, Курулуш, Ак-Таш, Чандалаш (2015-жылдан) айылдары кирет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6