«Чаткал оттору» - Чаткал райондук коомдук саясий гезити (редакциясынын дареги: Каныш-Кыя айылы).

  • 1947-жылы ноябрь айында негизделген.
  • Нускасы 500 болгон.
  • Алгач «Социалисттик мал чарба» деген ат менен 1956-ж-га чейин чыгып турган.
  • 1956-жылы Чаткал Ала-Бука району менен бириктирилип, гезит жабылган,
  • 1984-жылдан азыркыдай аталат.
  • 1992-жылы жабылып,
  • 1994-жылы кайрадан уюшулган.
  • 1996-2004-жылдары гезиттин редакциясынын алдында радио иштеген.
  • Гезит райондун коомдук-саясий турмушун чагылдырат, КМШдагы, чет өлкөлөрдөгү, республикалардагы ар кандай жаңылыктар кеңири жарыяланат.
  • Кыргыз тилинде, жумасына бир жолу чыгат.
  • Гезитти К.Насыров (1947-48), К.Сабатаров (1948-49), Ж.Эркесариев (1950 - 51), Н.Кочкорбаев (1952-53), Ч.Нармырзаев (1953-55,
  • 1984-86), К.Кошалиев (1955-56), С.Стамбеков (1986-87), А.Нурсеитов (1988-91), С.Абасбеков (1992- 93),
  • 1993-жылдан Б.Дилдебаев жетектеп келет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6