Чаткал райондук билим берүү бөлүмү

Чаткал райондук билим берүү бөлүмү мектепке чейинки тарбиялоо, жалпы билим берүү мекемелеринин иштерине жетекчилик жүргүзөт.

  • 1935-жылдан Эл агартуу бөлүмү, 1980-жылдан азыркы аталышта.
  • 19 мектеп, анын ичинде 15 орто, 3 негизги жана 1 башталгыч мектеп,
  • 11 мектепке чейинки билим берүү уюмдары, 2 мектептен тышкары мекеме карайт.
  • Мектептерде 509 мугалим (87 билим берүүнүн отличниги) эмгектенип, 4866 окуучу билим алууда (2013-2014).
  • Эл агартуу бөлүмүн алгач Байсалов (1935-?), Жолдошбай Сооронбаев (1940-?), Абды Раимбердиев (1946), билим берүү бөлүмүн С.Рысбеков ( 1980-81, 2001-04) Ж.Алиев (1982), С.Нурдинов (1982-85), О.Чоңатаев (1985-86), К.Баймырзаев (1986-91), Ө.Карашов (1991-94), А.Өтөмбаев (199496), Ш.Айымбетов (1996-2000), .Кудайбердиев (2004-15) жетектеген.

2015-жылдан билим берүү бөлүмүн Т.Тынышов жетектеп келет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6