Чаткал тоо кыркасы ― Түштүк-Батыш Теңир-Тоодо. Талас Алатоосу м-н Атойнок кырка тоосунун бириккен жеринен түш.-батышты карай 225 км аралыкта созулуп жатат.

Чаткал тоо кыркасы (Өзбекстан)
Кара-Арча өрөөнү (Өзбекстан)

Туурасы борбор бөлүгүндө 50–60 км. Орт. бийикт. 3500 м, эң бийик жери 4503 м (Авлетим чокусу). Тоо батыштан чыгышты карай бийиктейт. Түн.-батыш капталдары кыска, түш.-чыгышы жазы. Суу бөлгүч кырлары тик аска-зоокалуу, алардан бир нече майда тоолор тарайт. Чапчыма ашуусуна жакын тоо жапыздап, Ангрен м-н Касансайдын суу бөлгүчтөрүндө кыр тилкелери кеңейип, үстү тегиз жондорго айланат. Чыгыш бөлүгү бийик, тик, кырлуу болуп, чокулары арсак-терсек (өзгөчө Терек-Сай, Алабука сууларынан чыгышты карай). Ашуулары: Акташ, Кеңсаз, Чапчыма. Капталдары, айрыкча түш. тарабы өтө тилмеленген. Ч. к. т-нун түш.-батыш бөлүгүндө палеозойдун чополуу сланецтери, алевролит, акиташ, борб. Бөлүгүндө байыркы плагиограниттер, протерозойдун кристаллдуу гнейси, силур, девон ж-а таш көмүр мезгилдеринин кумдук, алевролит, акиташ, жанар тоо тектери кеңири тараган. Тоо этектериндеги адырлар м-н ойдуңчаларда неогендин ж-а төртүнчүлүк мезгилдин чөкмөлөрү топтолгон. Ч. к. т. –ири антиклинорий. Бул структура ар кандай багыттагы тектон. терең жаракалар м-н тилмеленген. Кен байлыктары: коргошун, күмүш, цинк, сурьма ж-а курулуш материалдары.

Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы тоо этектеринде –3... –5° С, кыр бөлүгүндө –10... –15° С, июлдуку 20–22°Сден 0–5°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны адырлар м-н түздүктөрдө 260 мм, тоо капталдарында 600–700 ммге, Авлетимдин баш жагында 950 ммге чейин. Кар калың түшөт (10 смден 1 мге чейин). Кырка тоодо жалпы аянты 5,7 км2 келген 18 майда мөңгү бар. Түн. Капталдарынан Чаткалдын сол куймалары (Терс, Каратерек, Каратоко ж. б.), түш. капталынан Карасуу, Касансай, Пачата, Гавасай ж. б. суулар агып түшөт. Ири көлдөрү: Сарычелек, Каратоко. Тоонун ландшафты бийиктик алкактуулук б-ча өзгөрөт. Түн.-батыш капталында шыбак-кылканактуу, ачык күрөң топурактуу кургак талаа (1400–2000 м), андан жогору 2800 мге чейин кылканактуу-түркүн чөптүү талаа (аюучач, шашыр да бар) тараган. Топурагы күңүрт күрөң. Талдыбулак, Каратоко өрөөндөрүндө (2600–3100 м) карагай токоюнун массиви бар. Түш.-чыгыш капталында (этек жагында, адырларда) боз топурактуу, шыбак эфемерлүү жарым чөл (700–1200 м), Авлетим тарабында күрөң тоо топурактуу буудайык-кызылоттуу талаага (1200–1500 м) шашыр, аюучач, сарындыз, бадалдардан итмурун, шилби, катын жаңгак, табылгы, чие ж. б. аралашат. Касансай тарабында бозомтук күрөң топу- рактуу, шыбак-аккылкандуу, кээде кызылот басымдуулук кылган талаа мүнөздүү. Чыгыш бөлүгүндө 1200–2200 м бийикте кара күрөң топурактуу жаңгак-жемиш токою өсөт. Алабука м-н Карасуунун аралыгында (2500–3000 м) карагай, көк карагай, арча, акчечек токою да кездешет. Тоонун түш. ж-а түн. капталдарына 2500 мден жогору тоо-шалбаалуу же шалбаа-талаалуу, чымдуу топурактарда кылканактуу түркүн чөптүү субальп ж-а альп шалбаалары (шимүүр, казтаман, чыйпылдак, жапалак арча), кылканактуу түркүн чөптүү, шалбаалуу талаа, 3500 мден өйдө гляциалдык-нивалдык ландшафттар (аскалуу кырлар, эшилме шагыл кумдар, майда мөңгүлөр) жатат. Жаныбарларын к. Сарычелек коругу макаласынан. Ч. к. т. негизинен жайкы ж-а кышкы жайыт катары пайдаланылат. Күнөстүү, кары жука беттеринде кыштоолор бар. Ч. к. т-нун кайталангыс кооз ландшафттары, өзгөчө Аркыт, Сарычелек, Авлетим, Пачата, Алабука, Каратоко жактары эс алууга ыңгайлуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2