Чатыр-Көл минералдуу суусу
Чатыр-Көл минералдуу суусу Нарын облусунун Ат-Башы районундагы дарылык касиети бар минералдуу суу булактары. Чатыркөлдүн түштүк жээгинде, деңиз деңгээлинен 3520,4 м бийиктикте. 1935-жылдан белгилүү. 1952–54-ж. толук изилденип, дарылык касиети, химиялык курамы аныкталган. Натыйжада 12 булак, 4 көлмөчө, 2 бургулоо көзөнөгүнөн жогорку концентрациядагы көмүр кычкыл газдуу минералдуу суу табылган. Суу силур мезгилинде пайда болгон акиташ жана кремнийлүү сланец тоотектериндеги тектоникалык жаракаларда топтолгон. Гидрокарбонат–кальций-магнийлүү. Минералданышы 5–7 г/л. Бир аз кычкыл (рН 5,8 – 6,0), 1 л суудагы көмүр кислотасы 18–372 мг. Суунун жалпы дебити кышында суткасына 1866 м3, жайында 3629 м3. Микроэлементтерден стронций менен литий көп кездешет. Дарылык касиети б–ча Чита облусундагы (РФ) Дарасун жана Ласточка сууларына окшош. Бөйрөк, ичеги–карын ооруларына пайдалуу. Ал «Арашан» минералдуу суусу деген ат менен бөтөлкөлөргө куюштурулуп, суусундук катары жергиликтүү соода тармактарына жана дарылоо мекемелерине чыгарылат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7