Чатыр-Көл[1] — түштүгүндө Торугарт тоо кыркалары, түндүгүнүн Ат-башы тоо кыркалары курчайт. Бул тоо кыркаларынын мөнгүлөрдөн эрип аккан суулар жерден сызылып чыккан булак сууларына кошулуп Чатыр-Көлгө куюп турат[2].

Чатыр–Көл
Координаттар: 40°38′ с. ш. 75°17′ в. д.HGЯO
Деңиз деңгээлинен бийиктиги

3530 м

Узундугу

23 км

Туурасы

10 км

Аянты

161,1 км²

Көлөмү

0.61 км³

Жээгинин узундугу

58 км

Эң терең жери

16,5 м

Чатыр–Көл (Кыргызстан)
Чатыр–Көл

Жалпысынан алганда көлгө 50дөн ашуун суу куят. Алардын ичинен тынымсыз көлдү толтурган Көк-Аргын, Муз-Төр, Таш-Булак, Муз-Бел, Айрык, Үч-булак суулары бар.

Чатыр-Көлдүн узундугу 23, туурасы 11 километрге созулуп, чарасынын аянты 175 чарчы км түзөт. Тереңдиги 7 метрден 20 метрге чейин.


Чатыр-Көл жапайы канатууларга бай. Кышкысын кату сукка байланыштуу көл бети 1 метрден ашуун калың муз менен капталып, май айларынын ичинде муздар эрип көл бети ачылат. Келгин канаттуулар жайкысын келишип, көл ортосундагы аралдарга уялашып, балапандарын баралына жеткирип учуп кетишет. Чатыр-Көлдө сууда сүзүүчү канаттуулардын 30га жакын түрү уялайт.

Жай айларынын жылуу күндөрүндө алардын түлөгү жүрөт. Келгин канаттуу куштардын көбөйүшүн камсыз кылуу максатында Чатыр-Көл жана анын жээктери корукка алынган.

Булактар түзөтүү

  1. Атлас мира. 3-е изд. М.: Федеральная служба геодезии и картографии, 1999. (орусча)
  2. Каратал-Жапырыкский государственный заповедник. Гидрология

Тышкы шилтемелер түзөтүү