Чаты-Терек мөңгүсүКакшаал тоо тизмегинин түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү.

Чоң Үзөңгү-Кууш суусунун алабында жайгашкан. Уз. 6,5 км, аянты 8,8 км2, абляция облусунун аянты 3,6 км2. Башы деңиз деңг. 4750 м, этеги 3820 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4180 м. Түндүккө караган бийик беттеги кар туурасы 1–1,5 км келген оёңго чогулуп, мөңгүнү пайда кылат. Азыркы мезгилде мөңгү өзгөрүүсүз бир калыпта. Андан Чоң Үзөңгүкууштун оң куймасы башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2