Элдик түймөчүлүктүн бир түрү. Ал эки ыкма менен жүзөгө ашат. Түймө чачыны керип алып, бир баштан түйүүнү бир эле уз аткарат. «Төкмө чачыга» эки же андан ашуун адамдын колу тиет. Бирөө чачыктын эришин эпилдетип өткөрсө, беркиси катуу чыйратылган жипти калыбынан жылдырбай өткөрүп турат. Ошентип, чыйратуусу келишкен жип тегиз селкилдеп, төкмө чачысы көңүлгө тойгондой элести тартуулайт. Төкмө чачыда «чок» болбойт.

Түймө чачыны да кылдырооч «тегирич» үчүн пайдаланабыз. Муну колу билгендер түрлөнтүп жиберишет. Албетте, мында түймөчүлөрдүн ыкмалары бири-биринен айырмаланат. Мурунку уздардын уздануу ыкмаларынын бөтөнчөлүктөрүнүн бири саймаланган түймө чачыга шуру да өткөрүшкөн. Андай кооз буюмдарды айыл арасынан азыр да кездештиребиз. Түймө чачыны жасоодо түймөчүлөр ар бири үчтөн тал жипти он төрт жолу чалып, кырк эки тал жипти жаңылбай түйүп, анын торчосуна сегиз тал жип колдонушат.

Маалыматтын булагы

түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)