Рак сымалдар

Чаян сымалдуулар‎»‎ барагынан багытталды)

Рак сымалдар (лат. Crustacea), рактар – муунак буттуулар тибинин классы. 6 классчасы, 31 түркүмү, 30000 түрү белгилүү. Дене узундугу бир нече ммден 80 смге жетип, хитин кабыгы менен капталган; 10дон 50гө чейинки сегменттерге бөлүнүп, баш, көкүрөк жана курсак бөлүгүнөн турат. Көпчүлүк учурда татаал түзүлүштүү рактардын баш жана көкүрөк бөлүгү биригип, баш-көкүрөк бөлүгүн түзөт. Алардын баш бөлүгүндө 5, көкүрөк бөлүгүндө 8, курсак бөлүгүндө 8 же андан көп сегменттери болот. Башында жуп (айрымдарыныкы жалкы) фасеттүү көзү, сезүү, кээде кыймыл-аракет органынын ролун аткарган муруту жайгашкан. Көкүрөк бөлүгүндөгү буттарынын жардамы менен жылат, кээ биринин 1–3 жуп буттары азыгын кармоо кызматын аткарат. Бакалоорлору же териси аркылуу дем алат. Нерв системасы нерв түйүнү тибинде, кан айлануу системасы туюк эмес, жонунда булчуңдуу жүрөгү жайгашкан. Рак сымалдар айрым жыныстуу, көпчүлүгү – гермафродиттер. Уруктануусу сырткы чөйрөдө өтөт. Көпчүлүк рак сымалдар метаморфоз жолу менен өөрчүйт. Рак сымалдар бактерия, өсүмдүктөр, органикалык заттар, өлгөн жаныбарлар ж. б. менен азыктанат. Кээ бир түрлөрү тамак ылгабайт. Айрымдары (крабдар, дарыя рагы ж. б.) тамак катары колдонулат. Көптөгөн түрлөрү – суу жаныбарларына жем.[1]

Abludomelita obtusata.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Түзүлүшү жана рак өзгөчөлүктөрү