ЧаңгетСузак районундагы суу, Көгарт суусунун сол куймасы. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталынан башталат. Узундугу 75 км, алабынын аянты 381 км2. Суу куралуу аянтынын орточо бийиктиги 1640 м. Башы Орказган, ортоңку бөлүгү Ийри-Суу аталат. Негизинен кар (60 %), жаан-чачын (30%) жана булак сууларынан куралат. Чаңгеттин 10 куймасы бар; ирилери: Чоң Таш, Ийрисуу жана башкалар. Жазында кирип, жайында тартылат. Режими боюнча алтай тибиндеги дарыялар тобуна кирет. Ташкындарда көп байкалат. Көп жылдык орточо чыгымы Чаңгет кыштак тушта 2,3 м3/сек; эң көп чыгымы апрелде (15,8 м3/сек), эң азы сентябрда (0,9 м3/сек) байкалат. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Чаңгет, Барпы кыштактары жайгашкан.

Чаңгет
Мүнөздөмө
Узундугу 75 км
бассейндин аянты 381 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Жалал-Абад облусу
Район Сузак району

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы ISBN 9967-14-006-2