Чаң соргуч — бөлмөнү, кийимди, килемди ж. б. чаңдан тазалооочу аба соргуч түзүлүш.

Чаң соргуч

Чаң соргуч дубалды актоодо, жыгач, металл буюмдарын сырдоодо, абанын нымдуулугун сактоодо жана өсүмдүктөргө ар кандай дары чачууда да пайдаланылат. Чаң соргуч негизги тетиктери пластмаcса же металл корпуска бекитилген коллектордуу электр кыймылдаткычтан жана борбордон четтөөчү желдеткичтен турат. Чаң соргучтун пол тазалагыч, кол менен иштетилме, автомобиль үчүн жана щёткалуу түрлөрү бар.[1][2]

Ойлоп табуунун тарыхы түзөтүү

Чаң соргучка биринчи белгилүү патент, АКШнын № 29077 патенти, 1860-жылдын 10-июлунда Айова штатында америкалык Даниэль Гесс тарабынан алынган. Килемди тазалагыч, ойлоп табуучу өзүнүн шайманы деп атаганда, айланма щетка жана аба агымын жаратуу үчүн татаал илгич системасы менен жабдылган.[3]

Кошумча маалыматтар түзөтүү

  1. Эң мыкты чаң соргучтар
  2. Чаң соргуч: өзгөчөлүктөрү жана типтери моделдерди
  3. Чаң соргучту ойлоп табуунун тарыхы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4