Чеберчилик

Чеберчилик –‎»‎ барагынан багытталды)

Чеберчилик – мазмундуу жана таасирдүү көркөм образдарды жаратуу үчүн сүрөтчүнүн өз өнөрүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрү менен каражаттарын натыйжалуу пайдалануу ыкмасы. Ч. бул сөздүн кеңири маанисинде – нормалдуу чыгармачыл практика үчүн керек сапаттардын бүт жыйындысын түшүндүрөт; аны көркөм идеянын жакшы жактарынан, сюжетти жеткилең, тапкычтык менен иштеп чыгуудан, композициянын ачык-айкын, көркөмдүгүнөн, сүрөттөөдөгү түстүк жана ийкемдүүлүк каражаттарынын толумдуулугунан жана ошондой эле көркөм өнөрдүн бул түрүнүн техникасын кынтыксыз пайдалана билүүдөн көрсө болот. Ч. терминин көп учурда анын кууш маанисинде бир гана техниканы пайдалана билүү менен байланыштырышат, бирок техникалык Ч-ти (кууш маанисинде) көркөм искусствонун идеялык милдеттеринен четтетилген, өз алдынча турган категория катары кароого болбойт. Сүрөтчүнүн чеберчилиги анын жогорку чектеги таасирдүү форманын органикалык биригишине жетишүүдөн турат; ал эми эң мыкты техника чыгармачылык практикадагы зарыл шарт болуп эсептелет. Тар максатта пайдаланылган техникалык Ч. тез эле демилгесиз кол өнөрчүлүккө айланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү