Чегедек мөңгүсүЫсык-Көл өрөөнүндөгү татаал өрөөн тибиндеги мөңгү.

Тескей Алатоонун бир тармагы – Сарытөр тоосунун түн. капталында, Тамга суусунун алабында жайгашкан. Уз. 2,9 км, аянты 3,6 км2. Башы деңиз деңг. 4350 м, этеги 3460 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3940 м. Абляция облусунун аянты 1,9 км2. Мөңгү эки камералуу цирктен башталып, анын батыш ж-а түн. капталдары жукафирн катмары м-н капталган, ал эми жон бөлүгүнүн айрым жеринде кар катмары дээрлик жатпайт. Мөңгүнүн бети тегиз, «тилинде» орто морена жатат. «Тилинин» оң жак бөлүгү морена сыныктары м-н жабылган. Каптал мореналар «тилинен» 150 м төмөндө байкалат. Мөңгүдөн Тамганын оң куймасы Чегедек суусу башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2