Чедия, Олег Константинович

Чедия, Олег Константинович (1923-ж.т., Саратов ш.) – геолог, геология-минералогия ил. доктору (1966), профессор (1969), Ленинград ун-тинин геология факультетин бүткөн (1948). ВАГТтын Ыраакы Чыгыш экспедициясынын геол. партиясынын начальниги, Ленинград ун-тинин аспиранты (1951–52), Тажик Мамлекеттик ун-тинин доценти (1952–64), Кыргыз Республикасынын УИАнын Геология ин-тунун неотектоника б-ча лаборатория жетекчиси (1964–75), Сейсмология ин-тунда лаборатория жетекчиси (1975–89), лабораториянын башкы илимий кызматкери (1989). Илимий иштеринин багыты: Орто Азиядагы кайнозой заманынын жалпы ж-а аймактык геологиясы, геоморфология, неотектоника, палеогеография. Улуу Атамекендик согуш ордени ж-а медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү