Чекиров Акималы (10-октябрь, 1946-жыл — 5-октябрь, 2022-жыл) - акын, драматург, сценарист. Жумгал районунун Байзак айылында 1946-жылы 10-октябрда туулган. Кайырма орто мектебин, 1970-жылы Токмок-тогу Республикалык маданий-агартуу окуу жайын, кийин Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун маданий-агартуу факультетинин маданий-агартуу иштери боюнча бөлүмүн артыкчылык дипломдору менен бүткөн.

А.Чекиров Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинде, искусство институтунда, Фрунзе шаардык аткаруу комитетинде, Кыргыз мамлекеттик Токтогул Сатылганов атындагы адабият музейинде, Республикалык илимий-методикалык борбордо жооптуу кызматтарда эмгектенген. Кыргызпатенттин Авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу боюнча начальниги, Борбордун директорунун орун басары, Редакциялык-басма борборунун директорунун орун басары, директору, Башкармалыктын начальниги, Материалдарды даярдоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келе жатат.

Хроникалдуу-документалдык кинофильмдерге «Жаңырган жер», «Каба уулу Кожомкул», «Тоголок Молдо – Байымбет уулу», «Жер! Адамга таазим кыл» кино сценарийлерин, «Жер жана анын балдары» опера-кантаталык либреттону, 80ден ашык монографиялык очерктерди, макалаларды, 100дөн ашык сатиралык интермедияларды жазган. Учурунда улуттук искусство, маданият мекемелеринде, радио жана телеберүүлөр аркылуу эл массасына уктурулуп жана сахналарда коюлган.

Ал «Бүтпөгөн согуш», «Улукман акенин дарысы», «Кабыландын тукуму», «Акыркы эрөөл», «Күзгүнүн артындагы кишилер», «Куйручук менен Шаршен», «Байзак менен Куйручук», «О, Куйручук ата кайдасың?», «Кызыл профессор», «Мидиндин бир арманы», «Бишкек Баатыр», «Элеттик сырттан» сыяктуу саны 25 драмалык чыгармалардын автору.

Орус жана казак элдеринин белгилүү сатирачылары А.Арканов, А.Горин, С.Владимова, Н.Анитов, Е.Вишневский, В.Суховерхов, Б.Дөрүмбаевдердин «Калп», «Кыйын абал», «Уйку баскан мекеме» жана башка сатиралык интермедияларын кыргыз тилине которуп театр көрүүчүлөрүнө сахналаштырып көргөзгөн.

Акындын элүүгө жакын поэтикалык ырларына обончу-композиторлор С.Айтикеев, Ж.Малдыбаева, С.Жумалиев, О.Турсуниязов, К.Эралиева, А.Бөдөшев, А.Абдуллаев, А.Чикеев, М.Рыскулбеков, В.Дашковский, А.Үкүрчинов жана А.Карымовдор кантата, хорлорду, обондорду жаратышкан. Алардын көпчүлүгү Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган жана музыкалык ноталары менен жазылган ар түрдүү китептерде жарык көргөн.

Маданият, искусство, адабият жана интеллектуалдык менчик объектилерин коргоодогу актуалдуу маселелер боюнча 80ден ашык ар кыл макалалар гезиттерде, журналдарда, илимий-маалыматтык бюллетендерде жарык көргөн.

Элибиздин улуу инсандары Токтогул, Коргол, Боогачы, Куйручук, Сагынбай, Саякбай, Карамолдо, Тоголок Молдо, Алыкул Осмонов, Касым Тыныстанов, Кожомкул Каба уулунун, Жоомарт Бөкөнбаевдин өмүрү жана адабий ишмердиктери боюнча илимий-изилдөө жана чогултуу иштерин биринчилерден болуп уюштуруп, Таластагы Мамлекеттик Манас адабият музейинин илимий-экспозициясынын түзүлүшүнө түздөн-түз жетекчилик кылган.

100дөн ашык көркөм театрлаштырылган оюн-зооктордун, көркөм-үгүт, насыят бригадалардын оригиналдуу сценарийлеринин автору. Убагында Москва, Минск, Кишинев, Киев, Фрунзе шаарларындагы кароо-сынактарда коюлуп, байгелүү орундардын ээси болуп, бүткүл Союздук өздүк-көркөм чыгармачылыгынын I фестивалынын (1975–1977) лауреаттык төш белгисин жана диплом, грамоталарын алууга жетишкен.

Ал СССР Маданият министрлигинин, Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин, Кыргызсовпрофтун, Кыргызпатенттин Ардак Грамоталары, СССР Аялдар комитетинин грамотасы, Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин «Эң жакшы эмгеги үчүн» төш белгиси, «Манас–1000» юбилейлик медалы менен сыйланган.

1998-жылы «Байзак айылынын Ардактуу атуулу», 2004-жылы «Жумгал районунун Ардактуу атуулу» наамдарына татыган.

1981–1984-жж. Фрунзе шаардык Советинин депутаты, 1998-жылы Токтоболот Абдумомунов атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон.

1971-жылдан Кыргыз Театр ишмерлер союзунун, 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун, 2005-жылдан Кыргыз Республикасынын маданият ишмерлер ассамблеясынын мүчөсү.


Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

Клуб жана социалисттик мелдеш. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 30 б.

Күндөлүк барактардан. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 28 б.

Маданият үйү – методикалык борбор. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 34 б.

Селого – жогорку маданият. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 44 б.

Тоголок Молдо (Байымбет Абдрахман уулу). – Ф.: Полиграф. 1992. – 28 б.

Кыргыз Мамлекеттик Токтогул атындагы маданият музейи. – Кант, 1992. – 20 б.

Жаңы доордун жаңы адамдарына. – Ф.: Ленин атындагы МКсы, 1992. – 20 б.

Өнөр алды – кызыл тил. – Ф.: Изат, 1994. – 80 б.

Кылым аркалаган кыргыз элинин өнөрчүлүгү. – Б.: ОсОО «Аалам», 1998. – 60 б.

Ырдап койчу. – Кант типографиясы, 1992. – 180 б.

Илхам. – Кант типографиясы, 1998. – 200 б.

Байзак менен Куйручук. – Б.: Бийиктик, 2003. – 40 б.

Жан дүйнө оттору: Ырлар. – Б.: Бийиктик, 2005. – 150 б.

Сезим: Ырлар, поэмалар, уламыштар. – Б.: Бийиктик, 2007. – 204 б.

Актикен: Ырлар, сатиралар. – Б.: Басма тамга, 2009. – 176 б.

Алтын: Поэма-Реквием. - Б.: Басма тамга, 2009. - 32 б.

Жоготуу: Поэма-Реквием. - Б.: Басма тамга, 2010. - 48 б.

Элеттик сырттан – Мусакожо: Пьеса. – Б.: Турар, 2010. – 130 б.

Мидиндин бир арманы: Пьеса. – Б.: Басма тамга, 2010. – 98 б.

Кашкар баатыр: Пьеса. – Б.: Турар, 2011. – 44 б.


Колдонулган адабияттар түзөтүү