Чекменёв Николай Симонович

Чекменев Николай Симонович (27.11.1905, Оренбург обл., Раевка кыш. - 22.11.1961, Фрунзе (азыркы Бишкек)) - орус совет жазуучусу.

1926-30-ж. Москва жумушчу факультетинде, 1930-33-ж. Москва редакция-басма институтунда окуган. Кыргызстанга 1920-жылы келгең. 1933-жылы «Ударник Чулуба» көп тираждуу гезитинин редактору, 1934-35-ж. Фрунзе областындагы «Жаңы-Жер» совхозунда жети жылдык мектепте мугалим, 1935-жылдан «Советская Киргизия» гезитинде адабий кызматмер, 1939-жылы «Кыргызстан» альманахында жооптуу секретарь.

1946-жылдан Кыргызстан жазуучулар союзунда орус секциясынын бюросунун председатели жана «Кыргызстан» альманахынын жооптуу редактору болуп иштеген.

Чыгармачылыгын ыр жазуудан баштаган. Туңгуч чыгармасы - «Койчу Садык» (1929) повести. Кийин «Сектанттар» (1931), «Комета» (1940), «Жашыл тилке» (1950) повесттерин, «Пишпек 1918-жылда» (1952), «Жети-Суу» (1-китеп, 1954; 2-китеп, 1958; 2-басылышы, 1-3-китеп, 1977) романдарын жазган.

Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4