Чектөө фактордун мыйзамы

Чектөө фактордун мыйзамы же Либихтин минимум мыйзамыорганизмдердин таралуусунда жана сандык өнүгүүсүндө экологиялык факторлордун ролун аныктоочу мыйзамдардын бири. 1840-жылы немис химиги Юстус Либих түзгөн. Либих мыйзамы боюнча организмдин жашоосу экологиялык фактордун минималдуу көрсөткүчүнө көз каранды. Өзүнүн жашоо-турмушунда организмдер түрдүү чектөөлөргө кезигет, мисалы, бугунун чектелген таралуусу кар катмарынын калыңдыгы, күздүк мыкый үкү көпөлөгүнүкү (жашылча жана дан зыянкечи) – кышкы температура. Маданий өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү топурактагы эң аз керектүү затка (минералдык элементке) байланыштуу. Мисалы, топуракта зарыл нормадагы фосфордун 20%и, кальцийдин 50%и болсо, чектөөчү фактор болуп фосфордун жетишсиздиги эсептелет, бул учурда фосфору бар жер семирткич керек. Кийинчерээк немис окумуштуусу Э. Митчерлих климаттык факторлордун биргелешкен аракеттеринин эрежесин түзгөн.

Либихтин бочкасы

Булактар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7