Чемпион (англ. champion - балбан) - спорт уюмдары өткөрүүчү ар түрдүү масштабдагы атайын спорт мелдештеринде жеңип чыккан спортчу же команда.

Спорттун түрлөрү боюнча биринчиликтердин жана комплекстүү спорт оюндарынын, ошондой эле олимпиялык оюндардын, спартакиада ж. б. мелдештердин жеңүүчүлөрү да Чемпион наамына ээ болот. Жайкы жана кышкы олимпиялык оюндардын Чемпиондук наамына ээ болгон спортчунун наамы сакталат, ал эми өлкөнүн, Европанын же дүйнө Чемпиону кийинки биринчиликте ал наамын коргоп кала албаса, анда ал экс- Чемпион деп аталып калат. Спорттун командалык түрлөрүндө Чемпиондук наам алтын медаль берүү менен команданын ар бир мүчөсүнө ыйгарылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4