Ченнинг Тейтум
Бул макаланы «Чанниң Тейтум» макаласы менен бириктирүү сунушталууда. |
Че́ннинг Мэ́ттью Те́йтум[1] (англ. Channing Matthew Tatum, МФА (амер.) [ˈteɪtəm]; таралган аты Та́тум 26 апрель 1980, Каллмен[en], Алабама, АКШ) — америкалык актёр, жана модель.
Ченнинг Татум | |
Ченнинг Мэттью Тейтум | |
Төрөлгөндөгү аты: |
Ченнинг Мэттью Тейтум |
---|---|
Ишмердүүлүк тармагы: | |
Туулган датасы: |
1980-жыл,26-апрель |
Туулган жери: |
АКШ,Каллмен шаары, Алабама штаты |
Жарандыгы: | |
Атасы: | |
Апасы: |
Гленн Тейтум |
Жубайы: | |
Балдары: |
Эверли Элизабет Мэйзелл Тейтум |
Бала чагы
түзөтүүАтасы курулушта, апасы авиакомпанияда эмгектенген Ченнингдин генинде ирланд, француз, индейлердин каны бар. Балалыгы АКШнын Каллмэн шаарында өтүп, 6 жашында үй-бүлөсү менен айылга көчүп барышат. Окуудан тышкары америка футболу, жеңил атлетика, бейсбол менен алектенип, кунг-фу менен да машыгат. 1998-жылы Батыш Виржиниянын колледжинде окуусун улантуу бактысы буюрат. Бирок ал жакта көпкө кармалбай үйүнө кайтып келе берген. «Атам менин жакшы окуп, бир кесиптин ээси болушумду каалачу. Бирок элестеткиле, мен эл бир күндө окуган сценарийди 5 күндө окуп бүтөм. Бала кезде мени такыр эле кем акылга чыгарып, аутист балдар менен чогуу окутушкан. Ал жакта күчтүү дарыларды иче берип «зомбиге» айланып баратканда гана токтотуп калгам»,- деп балалыгын эскерет актёр.
Стриптиз бийчи
түзөтүүЧеннинг 15 жашынан тартып түнкү клубдардын дайымкы кардарына айланган. Башында тартынып четте гана элди карап турса, кийинчерээк бий аянтынын «падышасына» айланып чыга келет. Келечек тууралуу ойлоону да каалабаган болочок актёр куруучу, дүкөндө сатуучу, ветеринардык клиникада жардамчы, анан да стриптиз бийчи болуп иштейт. Сымбаттуу, келбеттүү мырза, 18 жаш кырчын кез, ашып-ташкан энергия, кыздар... Мындай жашоо Тейтумду толук канааттандырчу. Анткен менен мындай жыргалчылык көпкө созулган эмес. «Бара-бара 10 жылдан кийинки жашоомду ойлоно баштадым. Денем шалбырап, айымдар стрингиме акча кыстарып жатканын элестетип коркуп кетчүмүн. Андыктан бул жумушумду таштоону чечтим»,- дейт ал.
Актердук карьерасы
түзөтүүТейтумдун чыгармачылыктагы тушоосу Рикки Мартиндин «She Bangs» клибинен кесилген. Андан соң бат эле моделдик агенттиктерге чакырылып, Dolce & Gabbana, Emporio Armani сыяктуу бир катар беделдүү бренддер менен иштешет, жарнамаларга тартылат. Биринчи жолу "C.S.I.: Кылмыш орду – Майами" сериалында эпизоддук ролду ойнойт.
Андан кийин эле «Бир кадам алдыга» тасмасындагы башкы ролу ага чоң атак алып келет. Бат эле жылдызы жанып чыга келген актёрго көз арткан, жеткиси келген айымдардын саны арбый берет.
Жеке жашоосу
түзөтүүТейтум сүйүү жаатында көпчүлүккө үлгү болчудай. «Бир кадам алдыга» тасмасындагы өнөктөшү Женна Дуан менен тасма аянтында табышты, сүйүштү, үйлөндү. Эки жашты ушул күнгө чейин ажырашты деп көп жолу жазып чыгышкан. Бирок анын баары катардагы ушак болуп чыгат. «Женна экөөбүз тең бир көрүп сүйүштүк. Биз тасмада роль ойногон жокпуз, чыныгы сезимдерибизди көрсөттүк. Тасмадан кийин экөөбүз Лос-Анжелеске келип, ошону менен ажырашкан жокпуз»,- дейт актёр сүйүүсү тууралуу.
Ошентип, эки жаш 2009-жылы баш кошуп, 4 жылдан кийин кыздуу болушкан. Актёр абдан баласаак, «кээде бир күн кызымды көрбөй калсам, кадимкидей чоңойгондой, бет түзүлүшү да өзгөрө түшкөндөй сезилет» дейт ал.
Кызыктуу фактылар
түзөтүү- Ченнингдин»33andOut Productions» деген кино тартуучу компаниясы бар.
- Актёр Сергей Бодровдун «Монгол» тасмасында Чыңгызхандын ролун жаратмак, бирок анын ордуна Таданобу Асано алынган.
- 2001-жылы "Tear Sheet" журналынын версиясы боюнча "Эң келишимдүү 50 адамдын" катарына кирген.
- Жубайы Женна экөө 2011-жылы «10 жылдан кийин» тасмасында сүйүшкөндөрдүн ролун жаратышкан.
Сыйлыктары
түзөтүүЖылы | Премиясы | Номинациясы | Тасмасы | Жыйынтыгы |
---|---|---|---|---|
2006 | Independent Spirit Awards | Экинчи пландагы эн мыкты эркек ролу | Озундун ыйыктарынды кантип билсе болот?
(Как узнать своих святых?) |
Номинация |
Sundance Film Festival | Озгочо жюринин призи | Жениш | ||
Teen Choice Awards | Осуу | Ал-эркек(Она-мужчина) | Жениш | |
Teen Choice Awards | Choice Liplock | Номинация | ||
2007 | Independent Spirit Awards | Choice Movie Actor:Drama | Бир кадам алдыга(Шаг вперед) | Номинация |
Teen Choice Awards | Choice Movie:Dance | Жениш | ||
2008 | Teen Choice Award | Эн мыкты драма актеру | Зордогон согуш | Жениш |
Teen Choice Award | Choice Movie Drama | Бир кадам алдыга | Жениш | |
Teen Choice Award | Choice MySpacer | Номинация | ||
2009 | Teen Choice Award | Choice Movie Actor:Drama | Эрежесиз уруш | Номинация |
2010 | MTV Movie Award | Эн мыкты эркек ролу | Кымбаттуу Джон | Номинация |
MTV Movie Award | Best Ass Kicking Star | Кобранын кол салуусу | Номинация |