Чен- өлчөмкыргыздардын салттуу турмушунда узундукту, бийиктикти, тереңдикти, салмакты өлчөөчү чендер. Калыңдыкты – кылдай, бычактын мизиндей, ийненин сабындай, бычактын сыртындай, бир эли, эки эли, үч эли, төрт эли, таман, жана башка; узундукту, кеңдикти, жоондукту – чыпалактай, бармактай, кийиздин калыңдыгындай, узундугу бир эли, жарым эли, жоондугу бир тутамдай, билектей, сандай, кишинин белиндей, өгүздүн белиндей, чыканак, кары, карыш, кере карыш, мерген карыш жана башка; салмакты – бир кесим эттей, кол кесердей, бир сан эттей, бир койдун же козунун этиндей, төөнүн этиндей жана башка. Кездемени төш жары, кулач, кере кулач деп өлчөшкөн. Аралыкты эшик-төрдөй, бир кадам, эки аттам, бир бута атым (100 мдей аралык), эки бута атым, чакырым (1 кмге чейинки аралык). Убакытты көз ирмем, чай кайнам, эт бышым деп айтышкан. Алыс аралыкты аттын жүрүшү менен эсептешип тай чабым (болжолу 3 км), кунан чабым (5–7 км), ат чабым (25–30 км) жана башка; аянтты – алакандай, үйдүн ордундай, короодой, танап (0,005 га), теше (16 га) жана башка; бийиктикти – тушардай, тизе бою, киши бою, кереге бою, үй бою, укурук бою, аркан бою, төө бою жана башка; тереңдикти – төө бою, укурук бою, тизедей, киши бою деп аташкан. Сапырылчу заттарды – кыпындай, таруудай, бир чымчым, бир ууч, бир кочуш, бир чөйчөк, бир аяк, муунга ченеп өлчөө, кап, тай кап, этек, баштык, тулуп жана башка; суюктуктарды – чака, челек, табак, көнөк, көөкөр, саба жана башка. Ал эми сууну кулак менен эсептешкен – бир кулак суу, эки кулак суу жана башка. Чен-өлчөмдөр алыш-бериш, соода-сатык, өндүрүш мамилелеринде табигый жол менен түзүлүп, бир элдин ичинде жалпыга бирдей колдонууга, түшүнүүгө мүмкүндүк берген.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.