Черапунжи, Черрапунжи - Жер шарындагы эң жаанчыл жер; Индиянын түндүк-чыгышындагы Мегхалая штатында, Шиллонг платосунда деңиз деңгээлинен 1300 м бийиктикте жайгашкан калктуу пункт.

Жылдык жаан-чачындын орточо өлчөмү 11 777 ммге жетет. Бул жерде метеорол. рекорддор (жылдык орточо жаан-чачыны 1860-61-ж. 22 987 мм, айлык орточо 1861-ж. 9299 мм) катталган. Ноябрдан мартка чейин кургак мелүүн. Жылдык орточо температурасы 17,3°С. айлык орточо 11,5-20,6°С. Топурагы күрсүз. Нөшөрлөгөн жамгырдан жуулуп кетет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4