Черик — байыркы кыргыз урууларынын бири. Этностук аталыш 7–8-кылымдан белгилүү. Кытай жыл баяндарында эскерилген чэ-ли этноними Л. Базен тарабынан черик формасында окулган. Кытай булактарынан башка маалыматтарда – сак дарегинде чериктердин бүгүнкү Чыгыш Түркстанда жайгашканы эскерилет (7-кылым) Бул процесске башка кыргыз уруулары да катышкандыгы маалым. Чыгыш түрк мамлекетинин каганы Элкаганды Тан династиясынын аскер башчысы кол башчы Ли Цзинь жеңгенден соң, чериктер Юну Чжуну акимчилигинин аймагына жайгаштырылган. Ушул окуялардан соң, чериктер башка түрк (кыргыз) тилдүү уруулар менен бирге, Тан династиясынын императорунун Тайшань аттуу ыйык тоого жасаган сыйынуу аземине катышышкан. Демек, бул мезгилде чериктер күч-кубаттуу Тан империясына убактылуу көзкаранды абалда болушкан. 11-кылымда Махмуд Кашгари Чериктерди (сөздүктө жаруклуг аталышында берилет) Жетисууга игрек жана чомулдардын ортолугуна жайгаштырган. Айрым изилдөөчүлөр Черик уруусунун бир бөлүгү азыркы Ички Монголияда шарылар (сары) менен кошуна жашагандыктарын жазат. Бул маалыматтар Чыгыш Түрк кагандыгы кыйраган соң, чериктердин айрым бөлүктөрүнүн Ички Моңголия, айрымдарынын Жетисуу тарапка оогондугун көрсөтөт. Айрым түркологдордун пикирлерине караганда черик байыркы мезгилдерде кыргыз тилине (түрк тилдерине) санскрит тилинен аскер, кошуун деген мааниде киргени аныкталган. Махмуд Кашгаринин «Диван лугат-ат түрк» сөздүгүндө «черик» – аскер, жоокер деген маанини түшүндүрөт. Орхондогу Моюн Чурдун эстелигинде (756–57-жылы) «Душман Селенгеге чейин черик коюшту» деген жазуу бар. Черүү (санскр. цериг) – аскер, кол, кошуун; аскерлерден куралган согуштук күч, айрым учурда жоортуул маанисинде да айтылат. Ошондон черик этнониминин байыркы формасы менен мааниси азыркы мезгилге чейин өзгөрүлбөй сакталып калгандыгы байкалат.

Черик тукумдары - Гейке, Алдаяр, Жолболду. Чериктен орто кылымда чыккан белгилуу адамдар Ажыбек баатыр, Матай бий. Тундук кыргыздардын Орусия падышалыгынын курамына акыркы болуп черик уруусу «бизден артык кыргыз жок деп кирген. Азыркы учурда КЭР дагы Кызыл-Суу автономиялык районундагы жашаган кыргыздардын 90% черик уруусу тузот. 2000-жылы Чериктердин тарыхын жана санжырасын тактоо иретинде «Черик-Ата» коомдук бирикмеси тузулгон. Демилгечи, уюштуруучу жана биринчи торагасы болуп Ат-Башы районунун тургуну, белгилуу коомдук ишмер Абдылда Оморов болгон. Аталган коом бут республикадагы черик уруусунун тизмесин тузуп, ошондой эле Казахстан жана Кытайдагы чериктер менен иш алып барууда. «Черик-Ата» коомуна «Замандаш» ассоциациясынын негиздоочусу Мухтар Омуракуновдун салымы чон.

Адабият түзөтүү

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.