Черикбаев Эрмек (1935-ж. т., Талас району, Манас айылы) — спортчу (орто жана алыскы аралыкка чуркоо боюнча), СССР спортунун чебери (1964), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу (1974), Кыргыз ССРинин маданиятка эмгек сиңирген кызматкери (1981), тарых илимдеринин кандидаты (1990).
1961-ж. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтургөн.
1961—69-ж. ошол эле институтун Жеңил атлетика кафедрасынын окутуучусу, 1968—70-ж. педагогика факультетинин деканынын орун басары, 1971-77-ж. спорт факультетинин деканы, 1977-ж. сырттан окуу боюнча, 1978—88-ж. спорт иштери боюнча проректору, 1988—92-ж. улук окутуучу, 1992-жылдан доцент. Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги (1984).
СССР дене тарбия жана спорт отличниги (1985). «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Адабият түзөтүү

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.