Чернобыль авариясы - 1986-ж. 26-апрелде Украинадагы Припять шаарына жакын жайгашкан АЭСтин 4-энергия блогунда болгон техникалык авария.

Масштабы боюнча ядролук энергетика жаатында эң ири авария болуп саналат. Андан айлана-чөйрөгө радиоактивдүү заттар (уран, плутоний, Йод-131, Цезий-134, стронций-90 ж. б. изотоптор) тараган, радиоактивдүү заттардын бөлүнүшүн 1986-жылдын май айында миңдеген ликвидаторлордун (чернобылчылардын) зор эмгеги менен гана токтотулган. Айлана-чөйрөнү негизинен радиоактивдүү таштандылар булгаган. Көптөгөн адам жабыр тартып, экономикалык жана экологиялык жактан орду толгус зыянга учураган. Бул аймактан 200 миң адам эвакуацияланган. Мындай кесепеттен кийин 1986-2002-ж. Түндүк Америка жана Батыш Европа өлкөлөрүндө бир да АЭС курулган эмес. Мамлекеттик мыйзамдарда бир топ өзгөрүүлөр (жабык түрдөгү маалыматтарды ачыкка чыгаруу) болгон. Авариянын натыйжасында 30 км аралыктагы аймак дээрлик жарактан чыккан. Булганууга дуушар болгон 200 миң км2дей аянт, а. и. бир нече калктуу пунктар ж. б. тармактар атайын техниканын жардамы менен көмүлгөн. Радиоактивдүү заттар аэрозол ж. б. түрүндө, негизинен шамалдын багытына карай таралган. Айрыкча АЭСке жакын аймактар өтө катуу жабыркаган. Ага чектеш Украинанын Киев жана Житомир облусунун түндүк райондору, Беларуссиянын Гомель, Россиянын Брянск обл. да жабыркаган. Бул авариянын таасири Ленинград областында, Мордовия жана Чувашияда (бул аймактарда радиоактивдүү жаан жааган) да байкалган, к. Радиоактивдүу булгануу, Радиоэкология.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4