Чечейбаева Сагыйпа (1932, Нарын району -- 1985, Нарын ш.) - ырчы, актриса. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1973).

  • Мектепке киргенден баштап өздүк көркөм чыгармачылыгына катышып, элдик обончулардын ырларын ырдаган.
  • 1947-ж. обл. олимпиадага катышып, Ж. Шералиевдин «Кыздар ай», «Сулуу кыз» деген ырларын аткарып, биринчиликти жеңип алган.
  • 1956-жылдан райондук маданият үйүндө,
  • 1958-жылдан өмүрүнүн акырына чейин М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрында артист. «Акинайда» Батманын, «Сүйбөгөнгө сүйкөнбөдө» Гүлсенин, «Жапалак Жатпасовдо» Седептин, «Сулууларда» Каракыздын, «Жүрөгү күчтүүлөрдө» Токтокожонун энесий,«Алтын кызда» Ажардын, «Күч күйөөдө» Бекайшанын ж. б. ролдо-рун көрүүчүлөрдүн купулуна толгондой көркөмдүүлүктө сахнага алып чыккан.

Чечейбаеванын тубаса ырчылыгы обончулардын ырларын аткарууда көрүнөт. Өзгөчө А. Абдыласовдун «Жай түнү», «Сыр жашырган сулууга», Ж. Шералиевдин «Түн болбос көлдүн түнүндөй», «Геологдун ыры», К. Тагаевдин «Жаныбарым, Гүлсарым», «Долон» аттуу ырларын өзгөчө берилүү менен аткарган.

«Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.