Чжан Цань (туулган жылы белгисиз – 112-жыл) – кытай саякатчысы, элчиси. Кытайга биринчилерден болуп Теңир-Тоо жана Памир жөнүндө маалыматтарды алып келген. Б. з. ч. 138-жылы Чжан Цань батышка саякат жасап, Усун мамлекетинин ордосу Чигучэнде жана Дабан мамлекетинде болгон. Каңгүй мамлекетинде юэчжилерди иликтеп, Ооганстандын түндүгүнөн Кушан империясынын ордосун тапкан. Б. з. ч. 127-жылы Чжан Цань өз мекенине кайтып барган. Чжан Цань тарабынан ачылган батыш өлкөлөрү жаңы доордогу Батыш жана Чыгыш өлкөлөрүнүн ортосундагы соода сатык, эл аралык саясий кызматташтыктын негизин түзгөн.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.